Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мелисти баткендик милиционерлер өлтүрүп койбосун деп, Ошко которушту»

Киши өлтүрүүгө шектүүнүн эжеси, анын инисин кыйнаган фактыны четке каккан ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов, жалган айтып жатат дейт

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектелгендин эжеси, кармалган Мелис Калыков жергиликтүү ИИБ кыйноого кабылган деп көшөрөт

Дамира Калыкованын Vesti.kg сайтына билдиришинче, анын иниси Ош облусунун тергөө абагына которулган, анткени анын өмүрүнө коркунуч келтирилген.

- Мелисти баткендик милиционерлер өлтүрүп койбосун деп, Ошко которушту, - деп баса белгиледи ал. - Мен бардык жоопкерчиликти мойнума алып туруп билдирем, аны 2018-жылдын 18-жетинин айында Баткенде түнү менен уруп, муунтуп, кыйнашкан. Бул Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Нурдин Сулайманов тарабынан тастыкталган.

Эске салсак, мурда Нурдин Сулайманов Vesti.kg сайтына Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектүү Мелис Калыков ИИБ имаратында кыйноого алынгандыгын айткан эле. Ошондой эле анын таяк жеген сүрөтү да жарыя болгон.

Бирок кийинчерээк ИИМ расмий түрдө бул маалыматты четке какты, алар Калыковдун денесиндеги көктөр Анарбай Мамажакыпов менен болгон мушташта болгон деп билдиришти.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кечээ Vesti.kg сайтына милиционерлер аны урганга себеп жок болчу деп билдирди.

- Курсан Асанов жалган айтат. Биз, Мелистин туугандары, анын өмүрү үчүн кооптонобуз, - деп сөзүн аяктады камалгандын эжеси.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх