Ошто филармониянын кире беришинде турган банкоматты тоноп кетишти
Уурдалган акчанын өлчөмү азырынча аныктала элек
Белгисиз бирөөлөр Оштогу коммерциялык банктын банкоматын талкалап, акчасын уурдап кетишкен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун ИИБ маалымат кызматы билдирди.
- Банкомат Ош облустук Ырыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын кире беришенде турган, - деп маалымдайт милиция. - Бир жарым миллион сомду уурдап кетти деген маалымат калп, акчанын өлчөмү азырынча тактала элек.
Тоноочулук 2019-жылы жалган курандын экисинен үчүнө караган түнү болгон.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз