Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Солтон-Сарыдагы жардыруулардан кийин балдардын денелеринде жаралар пайда боло баштаган» (видео)

Балдарды Нарын облустук ооруканасына алып келишти 

Солтон-Сарыдагы жардыруулардын жыйынтыгында жергиликтүү балдардын денелеринде жаралар пайда болду. Бул тууралу жакында Facebook социалдык түйүнүндө таркатылган видеонун автору айтты.  

«Кытайлар Солтон-Сары жайлоосунда жардыруу жасашкан, - дейт кадр артындагы аялдын үнү. - Түтүн бизге чейин келип тараган. Кислотанын сасык жыты пайда болгон. Балдардын көздөрү кызарып, жөтөлүп жатышат. Алардын денесине ушундай жаралар чыгып кетти».

Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн Vesti.kg сайтына, социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтардагы фактылар боюнча иликтөө иштери башталды деп жооп беришти. 

- Бул видеону жүктөгөн аялдын өздүгүн тактадык, - дешти маалымат кызматынан. - Видеодо анын неберелери тартылган. Балдарды Нарын облустук ооруканасына жеткирдик. Ал жакка өзүбүздүн адистерди, абалды түшүндүрүү үчүн жөнөттүк. Кечинде алар кайтып келишип, балдардын денелериндеги жаралардын кайдан пайда болгондугунун себептерин кабарлашат. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх