Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрт өлүм. Автобус катышкан ЖТК тууралу ЖКККББ кабарлады (фото) 

Автобуста жүргүнчүлөр болгонбу, азырынча айтыла элек

Жүргүнчүлөр автобусунун Skoda Octavia автомашинасы менен кагылышканынан төрт адамдын каза болду. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат катчылыгынан кабарлашты. 

Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматтары боюнча каза тапкандардын бардыгы жеңил авто унаада болушкан. 

- Бүгүн, саат 14:54 чамаларында, Skoda Octaviaнын айдоочусу Чынгыз айтматов проспекти боюнча түндүк тарапка кыймылда бара жатып, жүргүнчүлөр автобусу менен кагылышууга дуушар болгон, - дешти милициядагылар. - Каза болгондордун өздүктөрү такталууда. Автомашина жазага тартуучу машина токтотуучу жайга киргизилген. Тийиштүү бардык экспертизалар дайындалган. 

Автобуста жүргүнчүлөр болгонбу, азырынча айтыла элек.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх