Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Азаттыктын» журналисттеринин дрону Матраимовдордун бакчысынын башына кулап түшкөн

Башына дрон кулап түшүп, жабыркаган эркек киши ооруканага жеткирилген

«Азаттыктын» журналисттерине таандык дрон Каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүндө жүргөн бакчынын башына кулап түшкөн. Кабарчылар ал жерде дрон аркылуу видеотасма тартып жүрүшкөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош шаарынын ИИБде тастыкташты.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-сентбрда А.уулу О. ички иштер органдарына арыз менен кайрылган.

- Материалда окуя Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйдө болгондугу белгиленген, - деп ИИБда. Жабыркаган адам журналисттер тартып жүргөн үйдүн кызматкери болот. Ал алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдар «Азаттыктын» кабарчыларынын техникасын тартып алганы белгилүү болгон.

Нөөмөт бөлүмүнө редакциянын журналисти кайрылып, Супаналиев көчөсүндө белгисиз адамдар анын камерасын жана видеотасма жүргүзүүчү башка техникасын тартып алганын кабарлаган.

«Азаттыктын» операторунун айтымында төрт белгисиз адам анын видеокамерасын, штативин жана дронун күч колдонуп тартып алышкан. Андан кийин алар Lexus 330 автоунаасына түшүп, кетип калышкан.

Басылманын кабарчысы Ыдырыс Исаков кол салгандардын Матраимовдорго тиешеси болушу мүмкүндүгүн божомолдогон. Буга байланыштуу ал Кара-Суу районунун акими Тилекбеку Матраимовго телефон чалган. Кара-Суунун акими техниканы милиция аркылуу гана кайтарып берерин айткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх