Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксыда өспүрүм балдардын мектеп окуучусун аёосуз ур-токмокко алышканын камерага тартып алышкан (видео)

Жабырлануучу ооруканага түшкөн. Бирок, анын апасы кийинчерээк балдарын сабагандарга арыз-доосу жок экенин билдирген

Аксы районунда мектеп окуучуларынын тобу жаш баланы ур-токмокко алган. Окуянын видеосу Фейсбук социалдык тармагында тарады.

Видеодо бир нече өспүрүм жаш баланы башка-көзгө тепкилеп, бетке уруп жатышканын көрүүгө болот. Окуучунун «урбагылачы» деп суранганын алар тоготкон эмес.

Видеонун автору балдарды көкүтүп, «жиниңерди бир чыгаргылачы» дегени угулат.

Жалал-Абад облусунун ИИБ жабырланган окуучу алган жаракаттарынан улам ооруканага түшкөнүн Vesti.kg сайтына билдирди.

- Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында саат 21:00дө милицияга Аксы райондук ооруканасына токмоктолгон 16 жаштагы Т.М. аттуу мектеп окуучусу түшкөнү жөнүндө кабар келген, - деп маалымдашты милицияда. - Кийинчерээк, 9-класста окуган балдардын тобу өздөрү менен тең окуучуну курулуп бүтө элек спорт аянтынан сабашканы белгилүү болгон. Алар баланы «биз менен эмес, чоңдор менен сүйлөшөсүң» деп айыпташкан. Аталган факты боюнча милицияга ур-тепкиге алынган баланын апасы кайрылган.

Милициянын маалыматына ылайык, бир нече убакыттан кийин окуучунун апасы тосмо арыз жазып, бардык арыз-доолорун артка алган. Бирок, ОИИББ прокуратура ишти токтотуудан баш тартканын билдирди.

«Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейин өндүрүш иштери башталды.

Гулиза Чудубаева
Фото и видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх