Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы эки кишиден коронавирус чыкты

Алардын бири Испаниядан келген кызды тосуп алган

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.

- Бейтаптардын экөө тең эркек, бирөө 1960, ал эми экинчиси 1985-жылы туулган, - деп тактады ал. - Алардын бирине вирус Кыргызстандан жуккан, ал Испаниядан келген кызды аэропорттон тосуп алган. Ал эми экинчиси 20-мартта өзү Дубайдан учуп келген.

Азыркы тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44кө жетти.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх