Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түндө коменданттык саатты бузган 73 адам милиция кызматкерлерине кармалды

Коменданттык саат аяктагандан кийин бардыгы үйлөрүнө жиберилди

2020-жылдын 29-апрелине карата аймактык ички иштер органдарына коменданттык саатты бузган 73 адам жеткирилди.

Алардын ичинен: Бишкекте -47, Ошто -12, Ат-Башы районунда -2, Сузак районунда -4, Нарында -6 жана Жалал-Абадда -2.

Кара-Суу жана Ноокат районундарында тартип бузгандар катталган жок.

Коменданттык саат аяктагандан кийин бардыгы үйлөрүнө жиберилди.

25-марттан бери жалпы өлкө боюнча коменданттык саатты бузгандыгы үчүн аймактык ички иштер органдарына 3727 жаран жеткирилген. 322 автоунаа айып короого токтотулган.

ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх