Түндө коменданттык саатты бузган 137 жаран кармалды
7 автоунаа айып короого киргизилди
7-майга карата коменданттык сатты бузгандыгы боюнча аймактык органдарга 137 жаран жеткирилип, 7 автоунаа айып короого киргизилди.
Алардын ичинен: Бишкекте -119, Ошто -4, Жалал-Абадда -4, Ат-Башы районунда -10.
Коменданттык саат аяктагандан кийин алардын бардыгы үйлөрүнө жиберилген, 3541 адамга эскертүү берилип, 1155 жаранга карата протокол түзүлүп, айып пул салынды.
ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз