Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды
Райкүл Жапарова эл аралык издөөдө жүргөн
Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси, эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польша мамлекетинен кармалды.
Жапарова Райкуль Нуркожоевна Бишкектин Октябрь райондук соту жана Бишкек шаардык сотунун сырттан кабыл алынган чечимдери менен Жазык кодексинин “Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу кылмышына катышуу”, “Алдамчылык” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган.
Ал эл аралык издөөгө, анын ичинде Интерполдун линиясы боюнча да издөөгө алынган. Интерпол тарабынан 22-майда Польшанын аймагынан кармалган.
Учурда Башкы прокуратура Жапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселесин карап жатат.
Фото www