Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ:" Кычкылтек концентраторун алып берем деп качып кеткен шектүү кармалды"

 

300 АКШ долларына алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып качып кеткен

2020-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне, Бишкек шаарынын Улан кичирайонунун тургуну 1987-жылы туулган И.Э. арыз менен кайрылган, анда ушул эле күнү Бишкек шаарынын Разакова көчөсүндөгү үйүдүн жанынан бейтааныш Максат аттуу жаран, алдамчылык жол менен ишеничке кирип «кычкылтек концентратын» 300 АКШ долларына алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып качып кеткен.
Бул окуя Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБна 2020-жылдын 13-июль күнү КЖБРга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.
Тергөө тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын МКККУБнүн жана Бишкек ШИИББнин КМКнын МКККБнүн кызматкерлери тарабынан, Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну 1997-жылы туулган О.М. кармалды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыштан тышкаары мамлекетте пандемия учурунда ооруга чалдыккан, муктаж «кычкылтек концентратына» болгон дагы 5 жаранды алдамчылык жол менен ишеничке кирип «кычкылтек концентратын» акчасын алып качып кеткендиги аныкталган.
Азыркы учурда, жогоруда кармалган шектүү О.М. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

л бул кызматы үчүн 300 доллар алдап алып изин жашырган 

КР ИИМ басма сөз кызматы

фото КР ИИМ басма сөз кызматы 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх