Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кыргыз-тажик чек арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Көк-Таш айылынын жашоочуларына ким ок чыгарганы дагы деле белгисиз

Милиция кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатат. Абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Баткен облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 6-августунда саат 05:30да кыргыз-тажик чек арасында чыр орун алып, ок атылган. Баткен облусунун Эки-Таш жергесинде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан кыргыз чек ара кызматкерине ок чыгарышкан.Чек ара кызматкеринин колуна ок тийип, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошол эле күнү кийинчерээк, болжол менен саат 18:30да Көк-Таш айылынын 65 жаштагы жашоочусу М.Р. өзүнүн жер тилкесинде иштеп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылып, М.Р.га ок тийип, облустук ооруканага жеткирилген.

Аталган фактылар Баткен РИИБнын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КРнын ККнин “Адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх