Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалды

КР  Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголду эсептелген жаранды да кармашкан

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИИМДИН ИНТЕРПОЛ УЛУТТУК БОРБОРДУК БЮРОСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ООР КЫЛМЫШТАРЫ ҮЧҮН ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАНА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖАРАНДАРДЫН КАЙДА ЖҮРГӨНДҮГҮН АНЫКТАШТЫ
Четверг, Авг 13 2020 Криминалдык хроникасы Adinai
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныкташты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды.
Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жашы жете элекке карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга айыпталып, Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.О. кармалды. Кармалган адам Кыргыз Республикасынын ЖПКнын негизинде процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алынган маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш 2011-жылы жасалган. Интерполдун багыты боюнча шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Эл аралык издөөгө алган Түркиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросуна маалымдама берилди.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголду эсептелип Түркия Республикасынын укук корго органдарынын кайрылуусу боюнча Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча издөөдө жүргөн 1958-жылы туулган Түркиянын жараны Х.Ч. кайда жүргөндүгү аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча Х.Ч. Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап келген.
Издөөгө алган тарап маалымдалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх