Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный комага түштү
Анын шериктештери саясаттан ууландырылышы мүмкүн деп божомолдошот
Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный ууланууга шектелип ооруканага жаткырылгандан кийин комага түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты.
Бүгүн эртең менен ал Томск шаарынан Москвага кайтып келе жатканы белгилүү болду. Учакта өзүн жаман сезип калды. Буга байланыштуу тез арада Омск шаарында тез жардам кызматы чакырылган. Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыштын айтымында, доктурлар оппозиционерди ууландырды деп шектенишкен. Анын айтымында, ал "чайга аралашкан нерсе" менен ууланып калган болушу мүмкүн, анткени Навальный эртең менен чай гана ичкен.
Азыр саясатчы жасалма вентиляция аппаратында.
Фото www