Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКК УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун жардамчысы кеңседе пара алып жаткан жеринен кармалды (сүрөт)

Мекемеде өзүнүн кесиптештеринен акча талап кылуу үчүн коррупциялык схема болгон.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин эмгек келишимдеринин шарттарын тоскоолдуксуз узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен акча өндүрүү максатында коррупциялык схеманы уюштурган кызматкерлерин аныктады.

2020-жылдын 3-сентябрында, опузалоо жана 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, "Унаа" МККнын кызматкерин узак убакыт бою негизсиз коркутуп жүргөн "Унаа"МКК директорунун жардамчысы кармалды. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги эмгек келишиминин шарттарын узартуудан баш тарып  жумуштан кетирем деп негизсиз коркуткан.


Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ушул сыяктуу акча талап кылуу фактыларын аныктоо, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага «Унаа» МККнын башка кызматкерлеринин катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

УКМК басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх