Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Бишкектеги чет элдик террористти кармады (сүрөт)

Кармалган адам Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, борбор калаага жашырынган

3-сентябрда УКМКнын Бишкектеги кызматкерлери тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн биринде террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн "НАА" кармалды.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечими менен "Н.А.А." УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх