Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан нацизмди айыптап миллион доллар өндүрүп алууну көздөөдө

Россиялык теле алып баруучу "хайп"кылган Молдокматованын айынан, эми коопсуздук кызматкерлерисиз жүрө албай калганын айтты

Россиялык теле алып баруучу Артур Цветков кыргыз кесиптеши Ассоль Молдокматовадан нацизмге айыптап, миллион доллар өндүрүп алууну пландап жатат. Бул тууралуу Цветков өзү Instagram социалдык тармагындагы видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, Молдокматова "хайп" кылууну чечип, ага өмүрүнө коркунуч туудурган ачууланган комментаторлорду койду.

«Коомдук тамактануу кызматкери менен болгон чырда, анын аймагындагы белгилүү алып баруучулардын бири мени нацист деп атап, хайп кылууну чечкен. Сыягы, ал бул сөздүн маанисин билбесе керек. Ошого карабастан, аял атайылап боордош кыргыз элинин жакшынакай бөлүгүн мага каршы койду, биз ошол замат чечип берген чыр-чатакты ушул күнгө чейин, ушул күнгө чейин бир да таңды өлүмдү ойлобой жолуктурбайм жана коопсуздук кызматкерлер менен журүүгө аргасызмын. Жогоруда айтылгандарга таянуу менен  мен бул окуяга катышкандарды улуттар аралык кастыкты козуткандыгы жана үй-бүлөмдүн түндөрүн уйкусуз калтыргандыгы үчүн жоопко тарткым келет. Мен бир миллион доллар өлчөмүндөгү моралдык чыгым үчүн ккомпенсация төлөп беришин каалайм », - деди Цветков.

Молдокматованын өзүнөн комментарий алуу жеткиликсиз болду.

Цветков жарыялаган комментарийлерде Кыргызстандан айрым колдонуучулар орусиялык журналист Москвадагы тез тамактануучу жайлардын бириндеги окуядан улам өзүн атайылап рекламалап жатат деп жазышкан.

Эске салсак, 2020-жылдын август айынын орто ченинде Москвадагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде MTV каналынын мурдагы алып баруучусу Артур Цветков (Арчи) ашпозчунун масканы кийүү өтүнүчү менен Кыргызстандан депортация кылам деп коркуткан.

Белгилүү улуттук коомдук ишмерлер жана шоу-бизнестин өкүлдөрү кыргыз жаранын коргоп сөз сүйлөштү. Мындан тышкары, алып баруучунун жүрүм-турумун MTV Russia телеканалынын башчысы айыптады.

Кийинчерээк Цветков кыргызстандык менен жолугуп, андан кечирим сурады.

Элдос Казыбеков
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх