Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артур Цветков кечирим сураган Кыргызстандык кайрадан нааразы болду (видео)

Москвадагы тез тамактануучу жайдын кызматкери Манап Абдразаков теле алып баруучу Ассоль Молдокматованы жактап чыкты

Россиялык теле алып баруучу Артур Цветков кечирим сураган Кыргызстандык Манап Абдразаков Ассоль Молдокматованын колдогон видео кайрылуусун Instagram баракчасына жарыялаган.

- Сиз Ассолду улутчулдукту козутту деп күнөөлөп жатасыз, анткени өзүңүздү айыбыңызды жабайын деп жатасыз, бизде сиздин видео бар. Жүздөгөн посттор жазылган, "сен кимсиң", "депортация кылам" деген сөздөрүнө таарынган дээрлик бардык Кыргызстандыктар жазган. Биз бир элбиз.

Мен сыймыктанган Кыргызстандыкмын жана биз басынтууга  эч качан жол бербейбиз. Мен сизден ачык сурайын дегем - эмне үчүн кечирим сурадыңыз? Анан кайра сотко берип акча өндүрөм дейсиз?

Эскерте кетсек, 2020-жылы 11-сентябрда россиялык журналист, MTV каналынын мурдагы алып баруучусу Артур Цветков (Арчи) видео кайрылуу жазып, анда Ассоль Молдокматовадан нацизмге айыптап, миллион доллар чөндүрүп алуу ниетин билдирген.

«Коомдук тамактануу кызматкери менен болгон чырда, анын белгилүү алып баруучулардын бири мени нацист деп атап, хайп кылууну чечкен. Сыягы, ал бул сөздүн маанисин билбесе керек. Ошого карабастан, аял биз менен бир тууган кыргыз элинин жакшы бөлүгүн атайлап каршы коюп, биз тез арада чечип берген чыр-чатакты күчөттү, азыркы учурда коопсуздук менен ары-бери жүрүүгө аргасызмын. Жогоруда айтылгандарга таянып жана келечектеги провокаторлорго үлгү көрсөтүү менен, мен бул окуяга катышкандарды улуттар аралык кастыкты козуткандыгы жана үй-бүлөмдүн түндөрүн уйкусуз калтыргандыгы үчүн жоопко тарткым келет. Бир миллион доллар өлчөмүндөгү моралдык компенсация төлөп беришин көздөйм », - деди Цветков.

Цветков жарыялаган комментарийлерде Кыргызстандан айрым колдонуучулар россиялык журналист Москвадагы тез тамактануучу жайлардын бириндеги окуядан улам өзүн атайылап рекламалап жатат деп жазышкан.

Үстүбүздөгү жылдын август айынын орто ченинде Москвадагы коомдук тамактануучу жайда MTV каналынын мурунку алып баруучусу Артур Цветков Кыргызстандан барган ашпозчуну маска кийүү өтүнүчү менен депортация кылабыз деп коркуткан.

Белгилүү улуттук коомдук ишмерлер жана шоу-бизнес өкүлдөрү кыргыз жаранын коргоп сөз сүйлөштү. Мындан тышкары, алып баруучунун жүрүм-турумун MTV Russia телеканалынын башчысы айыптады.

Кийинчерээк Цветков кыргызстандык менен жолугуп, андан кечирим сурады.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх