Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Куралдуу адамдардын тобу жашыруун Бишкекке келишкен. Аларды кармап, камакка алышты

Убактылуу кармоочу жайга шектүү 7 адам жайгаштырылды, алардын үчөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык полиция кызматына кылмыш иши үчүн борбордун аймагына жашыруун куралданган адамдардын тобу келгендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси "Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү" боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды.

Активдүү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери кыска убакыттын ичинде кылмыш иши козголгон адамдардын изине түшүштү, ал жакта жашыруун жашоо образын жүргүзгөн азиат түспөлүндөгү шектүү адамдардын тобу тез арада аныкталды.

Алынган ыкчам маалыматты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда, Бишкек ШИИББнын кызматкерлери менен шаардагы ШИИБдин жана СОБРдин кызматкерлери шектүү топту кармашты, алардын үчөөсү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон: 1985-жылы туулган О.У., 1991-жылы туулган К.М., 1991-жылы туулган М.Н., 1991-жылы туулган С.Д., 1999-жылы туулган Н.П., 1999-жылы туулган Н.У., 2000-жылы туулган Т.У болгон.

Мындан тышкары, шектүүлөрдүн оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына каракчылык жана тоноочулук кылууга тиешеси бар экендиги боюнча ыкчам далилдер бар. Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки процесстин алкагында кылмышка шектүүлөр жашаган даректер боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлдү.Тинтүүдө курал жарактар, "EAST BRIGHT" маркасындагы эки рация жана уюлдук телефондор табылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Шаардык милициянын кызматкерлери кармалган адамдардын башка мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныкташты.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх