Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда эки милиция кызматкери жумуштан айдалды, алардын бири мас абалында рулга отурууга аракет кылган

Тийиштүү чечим ички текшерүүнүң жыйынтыгы боюнча кабыл алынды

Токтогул РИИБнын эки кызматкери иштен айдалды, алар мас болуп, Интернетте жарыяланган видеонун "баатырлары" болуп калышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Тийиштүү чечим ички текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгы белгиленди.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында бир жаран мас абалдагы милиционерлерди видеого тартып алган, алардын бири ушул формада рулга отурууну көздөгөн. Бул жазуу социалдык тармактарда тараган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх