Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ишкерге кол салууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү курал менен коркутуп, ишкерди эски аэропорттун жанына алып барып, акчасын тартып алышкан

2020-жылдын 30-январында, болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкекте Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде азиат түспөлүндөгү эки белгисиз адам ишкерге кол салышкан.

Кол салгандар курал менен коркутуп, аны өз унааларына отургузуп, жол тандабас унаанын ээсин эски аэропортту көздөй бир нече чакырым алыстыкта ​​айдап барууга мажбурлашкан. Борбор калаанын четинде кол салгандар коркутуп-үркүтүү менен 500 доллар жана 12000 сом өлчөмүндөгү каражаттарды тартып алышкан.

Бул факт КЖБР АМ катталып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында прокуратура тарабынан кылмыш иши Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына өткөрүлүп, ал жерде КР Кылмыш-жаза кодексинин “Курал колдонуп, адамдар тобу тарабынан жасалган тоноо” беренеси боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык полиция кызматынын кызматкерлери кылмыштуу топтун изине түшүштү.

Мунун алдында Бишкекте СКМ ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармоо боюнча операция жүргүзүлдү.

Кармалган жаран Д.А. 1995-жылы туулган, Талас облусунун туулганы, мурда уурулук боюнча соттолгон.

 Алынган маалыматтарга ылайык, көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам реестринде турат. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

ИИМдин Тергөө кызматы талап-тоноо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
ИИМдин басма сөз кызматы
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх