Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арачылар Кыргызстандан 46 миллион сомдон ашуун каражатка дары-дармек жана медициналык жабдууларды экспорттоону токтотушту

Мамлекеттик чек ара кызматы экспортко тыюу салынган товарлардын тизмесин эске салды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынан товарларды жана медициналык техниканы мыйзамсыз экспорттоо боюнча бир нече жолу жасалган аракеттер токтотулган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ушул мезгилде мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча өткөрүү пунктунун чек арачылары, Кыргыз Республикасынан келе жаткан унааларды текшерүү учурунда, жалпы суммасы 46 миллион 300 миң сомдон ашкан медициналык каражаттарды аныктап, кармашкан.

 

Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы No390 токтому менен аныкталат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле дары-дармектердин айрым түрлөрүнүн жана адистештирилген медициналык шаймандардын жетишсиздигинин шартында Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды жана ишкерлерди жогоруда аталган категориядагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууга чакырат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх