Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл-Кыя шаарында жаранды сүзүп, дайынсыз жоголгон "Спринтердин" айдоочусунун өздүгү аныкталды

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген

Жакында атамекендик ЖМКлар Кызыл-Кыяда кичи автобус адамдардын тобун сүзүп, анын кесепетинен эки адам жаракат алганын жазып чыгышты.
Видео социалдык тармактарга тараган.Видеодон кичи автобустун айдоочусу кантип атайылап сүзгөнүн көрүүгө болот.

Ошентип, 25-сентябрда саат 20.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter кичи автобустун айдоочусу жарандарды сүзүп унааны токтотуп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факт КЖБРде катталган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси "Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо", 266 "Бейбаштык" беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Айдоочунун өздүгү такталды. Жаракат алган 28 жаштагы жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Эртеси ал көрсөтмө бере алган жок. Жабыркаган жаранга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Видеодо эки жабырлануучу бар окшойт, бирок белгилүү болгондой, скутер жерде жатыптыр.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучу мас абалда болгон.

Учурда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх