Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМДИН БМЖККК тарабынан болуп көрбөгөндөй атайын операция жүргүзүлдү. Ыкчам кызматкерлер жарым тонна баңги затын алышты (сүрөт)

Токтогул районунда тыюу салынган заттарды жашыруун өндүрүү токтоду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдөгү баңгизаттарды алуу боюнча операцияны ийгиликтүү жүргүздү. Баңгизаттарды саткан адамдарды аныктоо жана кармоого, баңгизаттарды даярдагандардын, ташуучулардын жана сатып алуучулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлерине Токтогул районунун жашоочусу өзүнүн үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизатын даярдап жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынып, тергөө амалдары жүргүзүлө башталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн изине түшүүгө мүмкүн болуп, баңгизатын мыйзамсыз өндүргөн көмүскө жайына бөгөт коюлган.
Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында Токтогул районунун 1982-жылы туулган Ү.М. аттуу тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын сарайынын ичинен 15 даана канистр, 5 даана бочка, 4 даана ак түстөгү капка салынган күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылып алынган. Андан сырткары, “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, 12 даана 7.62 калибриндеги октор, гильзалар табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы көрсөтүлгөн заттардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн, анын ичинен: суюктук баңги заты 489 килограмм 760 грамм, марихуана 51 килограмм 849 грамм.
Азыркы учурда шектүү Ү. М. соттун чечимине ылайык 2 айга камака алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз

Наверх