Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармап, алар менен алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү (сүрөт)

Коопсуздук кызматкерлери кылмышкерлердин ишин нейтралдаштыруу аракетин улантышууда

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле кылмыштуу элементтердин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасиринин алдын алууга багытталган жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында УКМКнын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармады, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

 

 

 

Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде жүргүзүлүп жаткан тинтүү учурунда кошумча курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынган. Материалдык далилдер экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх