УКМК кызматкерлери Чүй облусунан курал-жарак сакталган жерди табышты (сүрөт)
Чекисттер милиция менен биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында оролгон эки "Муха" гранатомету алынды
УКМК кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте, 3-ноябрдын алдында уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жерди табышты.
Катылган жерде 2 бирдиги РПГ-18 (Муха) гранатомету алынды.
Бул факт боюнча, сотко чейинки тергөө материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (Куралдын, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча КЖБРдин АСке катталды.
Учурда материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www