Чүй облусунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөн деп изделип жаткан чет элдик жаран кармалды (сүрөт)
УКМК Казакстандын укук коргоо органдарына адамды өткөрүп берүү маселесин чечет
Анын алдында, 2020-жылдын 4-ноябрында, УКМКнын кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте Чүй облусунда издөөдө жүргөн Казакстандын жараны, 1987-жылы туулган Широнов Шахин Курбанхан-оглун кармашты.
Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынгандыгы аныкталды.

Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынгандыгы аныкталды.


Учурда, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КЖБРдин АСте каттоосунда турат.
Кармалган адам Чүй облусунун Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Широновду андан ары Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси чечилүүдө.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз