Бишкек мэриясынын ККМБнын экс-башчысы кармалды
"Каржы полициясы" аны бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саноодо
Каржы полициясы бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик администрациясынын мурунку башчысы, "О.С." жаранын кармады.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барган мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы, Бишкек шаарынын ККМБ мэриясынын жетекчи кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы 70 миллион сомго жакын бала бакчанын курулушуна атайылап келишимдер түзүлгөнү аныкталды.
Бүгүн Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын карайт.
КККМКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www