Борбор калаанын Райондор аралык сотунун судьясы жана Бишкек шаардык сотунун кызматкери кармалды
Президенттик администрациянын кызматкерлери, МККнын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар катышкан коррупциялык схема аныкталды
ЭКККМКнын(Финансы полициясы) сот системасынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана башкалардын жетекчилерин камтыган коррупциялык схеманы токтотту.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2016-жылы жеке адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык жеңилдиктерди алуу максатында, Президенттин администрациясынын жооптуу кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым соттор жана сот тутумунун кызматкерлери менен “Г” ЖЧКнын кызыкчылыгы үчүн иш алып барган. Сот иштерин жана сот чечимдерин бурмалоо менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында, коррупцияга шектелип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер секторунун башчысы гр. Ч.С.
Ошондой эле, коррупцияга шектелип Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н кармалган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ЭКККМКнын басма сөз кызматы
сүрөт www