Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын кызматкерлери Ленин РИИБинин оперативдик кызматкерин пара менен кармады (сүрөт)

Милиция кызматкери 100 миң сом акча талап кылган

Анын алдында, 2020-жылдын 12-ноябрында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери ИИМдин чалгындоо кызматы  менен биргеликте ыкчам-изилдөө ишинин жүрүшүндө, 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери «З.Ж.А.» кармалган.

 

Милиция кызматкери арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) боюнча КЖБРге катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх