Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Чач" лакап аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тергөө аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот (сүрөт)

Тиешелүү баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан тандалды

22-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кармалган Эрнис Мурзахмедовду (Чач деген каймана аты менен) тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

 

Эскерте кетсек, 20-ноябрда УКМКнын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшулган кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү, Чач деген лакап ат менен Эрнис Мурзахмедовду кармашкан.

 

Сотко чейинки материалдар КЖБРдин каттоосунда турат. Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

УКМК Мурзахмедовдун жана ага байланышкан адамдардын кылмыштуу иштерин уюшкан кылмыштуу чөйрөдөн документтештирүүгө багытталган тиешелүү чараларды улантууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх