Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарындагы №28 мектепке мугалимдер жана башка жумушчулар мыйзамсыз кабыл алынган

Прокуратура тарабынан 5 миллион 221 миң 600 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды

Бишкек шаарынын прокуратурасы Биринчи Май районунун Билим берүү борборунда жүргүзүлгөн текшерүүдө 2015-2020-жылдар аралыгында класстын реестрине чындыкка дал келбеген маалыматтарды, жасалма документтерди киргизүү менен 10 адам №28 гимназия мектебине мугалим катары мыйзамсыз кабыл алынгандыгын аныктады. Алар расмий (функционалдык) милдеттерин, тиешелүү педагогикалык билимин жана педагогикалык квалификациясын аткарбастан, китепканачы, лаборанттар жана ийримдердин жетекчилери.

Ошол эле учурда, Биринчи Май районунун Билим берүү борбору жогоруда аталган кызматтарда мыйзамсыз жүргөн мезгилинде жалпы суммасы 5 миллион 221 миң 600 сом чегерип, төлөп берген.

2020-жылдын 13-ноябрында, бул факты боюнча материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча катталып, Бишкек ШИИББге тергөө ишин уюштуруу үчүн өткөрүлүп берилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Толугураак шилтемеде: https://www.prokuror.kg



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх