Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда милиция кызматкерлери селсаяктарды сууктан алдын алууда(сүрөт)

Суук түшөөрү менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери көчөлөрдө өлүм фактыларынын алдын алуу үчүн селсаяктардын жашаган жерлерине рейддерди өткөрүшүүдө

Суук түшөрү менен Чүй РИИБдин кызматкерлери көчөлөрдө өлүм фактыларынын алдын алуу максатында селсаяктардын жашаган жерлерине рейддерди өткөрүшүүдө.

Чүй облусунун ички иштер бөлүмдөрүнүн күнүмдүк брифингинин жүрүшүндө көчөлөрдө, темир жол жана автобекеттердин жанаша жайгашкан аймактарында, ошондой эле жер төлөлөрдө жана жертөлөлөрдө гипотермиядан өлүм фактыларынын алдын алуу боюнча шашылыш чараларды милдеттүү түрдө кабыл алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Ошентип, Кемин районунун ички иштер органдары үстүбүздөгү жылдын 25-27-ноябрь аралыгында "тилемчи" аталышында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү.
Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын жашаган жери жок адамдардын саны көп болгон жерлерди аныктоо үчүн патрулдар уюштурулган. Коомдук жайларда кайырчылык менен алектенген адамдар текшерилип, андан ары социалдык баш калкалоочу жайларга бөлүштүрүлдү.

 

Мындан тышкары, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте, көчөдө жашы жете элек балдарды кризистик кырдаалда аныктоо боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Алар балдардын социалдык борборлоруна жана баш калкалоочу жайларга жеткирилген.

Бир нече базар, кароосуз калган 6 имарат текшерилип, ички иштер органдарына 25тен ашык адам алынып келинди, 15 жашы жете элек өспүрүмдөр менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

 

Ушундай эле иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүп турат, анткени ар бир жарандын жашоосу баарынан жогору турат.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх