Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Дженго" лакап аты бар криминалдык авторитеттин издөөдө жүргөнүн жарыялады

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досонов сыртынан камакка алынды

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.

Бул иш-чаралардын алкагында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнүн бири Кадыр Досоновду (каймана аты Дженго) менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

2020-жылдын 28-ноябрында, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда Досоновдун оор кылмышка шектүү экендиги жөнүндө эскертүү берилип, ошол эле күнү Ош шаардык соту аны (сыртынан) камакка алуу түрүндө  алдын-алуу ч чечимин кабыл алды жана издөөгө жарыяланды.

УКМК Досоновдун жүргөн жерин, ошондой эле анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча иш алып барууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх