Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлери курал-жарак жана ок-дары сакталган жерди табышты (сүрөт)

Чекисттер сактагычтан тапанчаларды, кескичти,мылтыкты жана гильзаларды табышкан

27-ноябрда УКМКнын кызматкерлери уюшкан кылмыштуулукка каршы багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сактагычын табышты.

Табылган жерде "ТТ" жана "ПМ" маркасындагы 2 согуштук тапанча, мергенчилик жылмакай куралы (кесилген мылтык), мылтык куралы (карабин менен кесилген мылтык), 39  ок жана газ-травматикалык тапанчадан 6 ок алынган.

Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

 

 

Сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгүнө (Куралдын, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) ылайык КЖБРдин АСке катталган.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх