Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында каза болгон велосипедченди анын кийиминен тактап берүүнү суранууда (сүрөт)

Адам өмүрүн алган кырсык 22-ноябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон

Ушул жылдын 22-ноябрында эле саат 20:00 чамасында Тойота-Хариер унаасынын айдоочусу гр. М.И. Бишкек-Торугарт унаа жолунда, 53,5 км. болжол менен 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү велосипедчини сүзүп, алган жаракатынан улам көз жумган.

Бул факт Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБРдин АСке каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен катталган.

Кырсыктан каза болгон адамды буюмдары менен аныктап берүүңүздү суранабыз.

Белгилери: Азиат түспөлүндөгү, бою болжол менен 155-160 см келген, орточо дене түзүлүштө, болжол менен 40-45 жаштагы адам, эч кандай атайын белгилери жок.

Кийген кийими: Кара кепка, кара куртка, кызыл-кара спорттук костюм, сүт түстүү свитер, көк футболка, кара "Фила" спорттук шым, боз спорттук шым, көк-боз шым, кышкы кара бут кийим, күрөң байпак, көк түстөгү курулуш кол каптары. Велосипед Урал, алкагы сырдалбаган, алдыңкы жана арткы канаттары жана алдыңкы айры көк түстө.



Каза болгон адамдын өздүгү жөнүндө бир нерсе билгендер болсо, Чүй ОИИБдин тергөө кызматына телефон аркылуу кабарлап коюңуз: 0 (312) 60-73-87, 0 (705) 43-15-13, 0 (701) 02- 25-11.0 (701) 15-75-74, 0 (701) 77- 74-59.0 (701) 15-36-28 же "102".

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх