Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Каржы полициясы" жаранды кызмат адамына пара берип жатканда кармады

Жаран анын пайдасына козголгон кылмыш ишинде маселени  250 миң сомго чечкенге аракет кылган

1-декабрда ЭКККМК (Финансы полициясы) Ысык-Көл облусу боюнча кызматкерлери 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен “Т.А.” аттуу жаранды кармашты.

Кылмыш ишиндеги маселени анын пайдасына чечүүгө аракет кылып, "Т.А." чиновникке ири өлчөмдө пара сунуш кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Кармалган адам Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ЭКККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх