Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Асанбай" паркында жаран жардыруу уюштурган (сүрөт)

Милициялар шектүүнү жардыруучу зат менен кармаган

Өткөн шаршемби күнү, 2-ноябрда Бишкек ШИИББинин 102-линиясына Асанбай паркына белгисиз адамдар жардыргыч затты ыргытып жибергендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

 

Патрулдук милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенден кийин, факт тастыкталды. Белгисиз адамдар Асанбай сейил багында жардыруу уюштурганы аныкталды.

Ыкчам изилдөө менен гр. А.Н. 1989-жылы туулган жаран кармалган. Ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факт Октябрь РИИБнин КЖБРге катталды.

Бишкек МККнын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх