Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кармалды

Чиновник УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

 УКМКнын АКС кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесиндеги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз акча каражаттары келип түшкөндүгү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташты.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, “БКК” өкмөтүкө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылуу менен алектенип келгендиги аныкталды.

2020-жылдын 7-декабрында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык топтолгон материалдардын негизинде "Б.К.К." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх