Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Финпол": Мамлекет аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранга КРнын паспорту мыйзамсыз берилген

Ал Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузгандыгы үчүн издөөдө жүргөн

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондорунун кызматкерлери документтерди кабыл алуу учурунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга паспорт мыйзамсыз берилген фактыны аныкташты.

2018-жылы Өзбекстандын жараны Хомидов Нематжон Сомиевичке Кара-Суу шаарында жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту берилгендиги аныкталды. Бирок, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, паспорт алган учурда, көрсөтүлгөн чет элдик жаран чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду. Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал мамлекеттер аралык издөөдө жана Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүнүн А пункту (Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу) менен соттолгон, анын баш коргоо чарасы камакка алуу болуп саналат.

 

Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (паспортту мыйзамсыз берүү) менен катталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, паспортторду мыйзамсыз берген ушул сыяктуу фактылар аныкталууда.

КР нын ЭКККМКнын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх