Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭСӨМ: Керек учурда биз өгөй атасы тарабынан сабалган баланын кызыкчылыгын сотто коргойбуз

Азыркы учурда баланын психологиялык абалы канааттандырарлык экени белгиленди

Сокулук районундагы жашы жете элек бала өгөй атасы тарабынан зордук зомбулук көрсөтүлгөн фактысы тууралуу тергөө иш-чаралары улантылып жаткандыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Бүгүнкү күндө бала Ат-Башы районунда тайэнесинин колунда.

Ат-Башын районунун мамлекеттик администрациясынын чечими менен бекитилген баланы коргоо боюнча жеке иштөө планына ылайык, балага медициналык-психологиялык жардам, ошондой эле гуманитардык жана материалдык жардам көрсөтүлүп жатат.

Мындан тышкары, баланы медициналык жактан коштоого алуу каралган жана камкорчунун үй-бүлөсүндө баланын тарбиялануусу көзөмөлдөө.

Ошондой эле, бала жайгашкан үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында Планда баланы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жайгаштыруу, келечекте баланы мектепке даярдоого көмөктөшүү боюнча иш-чаралар камтылган.

Азыркы учурда баланын психологиялык абалы канааттандырарлык, реабилитациялык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бала үй-бүлө мүчөлөрү жана камкорчулар менен ишенимдүү жана жылуу мамиледе.

Ат-Башы районунун эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы үй-бүлөгө жана балага социалдык колдоо көрсөтүп келет, керек учурда тергөө иш-чараларында жана сот өндүрүшүндө баланын кызыкчылыгын коргойт.

Зордук-зомбулукка кабылган балага байланыштуу кырдаал жана аны коштоп жүрүү процесси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун көзөмөлүндө.

КР ЭСӨМ басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх