Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургдан башына мүшөк салынган жана кол-буттары байланган кыргызстандыктын жансыз денеси табылды

 Адам өлтүрүүгө жергиликтүү тургун шектелүүдө

Санкт-Петербургда милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн кыргыз жаранын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 45 жаштагы К.М. бир нече күн мурун жоголуп кеткен. 21-декабрда анын сөөгү турак үйдүн жер төлөсүнөн табылган. Маркумдун колу-бутун жип менен байлап, башына супермаркеттин баштыгын кийгизишкен.

Ошол эле күнү адам өлтүрүүгө шектелип 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. "Атайлап өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх