Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Финпол" аткезчиликке шектелген бажы кызматкерлерине иш козгогон

Азыр аткезчилерди колдогон чиновниктер аныкталууда

Ош шаары боюнча ЭКККМКнын (Финансы полициясы) дирекциясы, мурда аныкталган системалуу экономикалык аткезчилик фактысынын алкагында, Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын Достук МПТПнын (алдын-ала бажы процедуралары жүргүзүлгөн жер) кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бажы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Чиновниктердин катышуусу менен товарларды контрабандалык жол менен ташуу фактысы мурда аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда аткезчилердин кызыкчылыгын көздөгөн чиновниктерди аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР ЭКККМКнын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх