Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын башчысы 2021-жылдын 24-февралына чейин камакка алынган

Шаирбек Бопонов УКМКнын тергөө абагында камакта

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы Шаирбек Бопонов сотко чейинки процессте - 2021-жылдын 24-февралына чейин камакка алынды. Тиешелүү баш коргоо чарасы 26-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тандалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттон билдиришти.

Шаирбек Бопонов УКМКнын СИЗОсунда камакта.

Эске салсак, бир күн мурун УКМК кызматкерлери "Актилек-Авто өткөрмө" бекетинин жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен эл аралык жүк ташуу менен алектенген автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин акча каражаттарын алышкандыгын аныкташкан.

Ошентип, 24-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй ОИИБдин Жол-кайгуул кызматынын үч инспектору кармалган - "М.Т.М.", "Ш.Р.М.", "А.С.А." Эртеси Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын башчысы, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов ушул коррупциялык схемага катышкандыгы үчүн кармалган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх