Көңүл бургула! 18 жаштагы Мээрим Маматова дайынсыз болууда (сүрөт)
Кыз бир айдан ашык убакыт мурун үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес
Сокулук РИИБи 2020-жылы 2-декабрда Сокулук району, Ново-Павловка айылы, Кудайберген көчөсү дарегинде жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 2002-жылы туулган Маматова Мээрим Курсантовнаны издеп жатат.
Белгилери: бою 170 смге жакын, арыкчырай, чачы ийнине чейин, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: ак куртка, кара шым, кара өтүк
түстөр.
Маматованын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардын баарынан телефон аркылуу сурайбыз: Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29.
Жардамыңыз үчүн алдын ала рахмат!
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз