УКМК: Кара-Суу районунун "Савай" айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды
Ошондой эле чиновник Ош шаарынын аймагында ар кандай кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топ түзүлгөн учурга күбө болот
Мынданн бир күн мурун, 2021-жылдын 11-январында, УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. кармалып, КЖБРдин каттоосуна катталды.
Савай айылына мектептин спорт залын курууда, жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды. Ошондой эле М.С. жекече жооптуу адамдар менен бирдикте начар аткарылган жумуштар менен көрсөтүлгөн объектини пайдаланууга беришти.
Ошондой эле УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда ар кандай кылмыштарды жасоо боюнча уюшкан топ түзүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп, Савай айылдык кеңешинин башчысы М.С. күбө катары өтөт.
Учурда М.С. Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www