Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте каракчылар батирге кирип, кыздарга каршы күрөштө колдонуучу муунтуу ыкмасын колдонушту (видео)

Каракчылар кыздарды электр узарткыч менен байлап салышкан

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салган резонанстуу кылмыш ишинин бетин ачышты.

Турак-жайларга кирип карактоо жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топ куралсыздандырылды.
2021-жылдын 1-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Бишкекте белгисиз адамдар каракчылык менен кол салышкан. Алар жаш кыздар жашаган батирге кирип келишип, физикалык күч колдонушуп, коркутушуп, акча каражатын, баалуу буюмдарын талап кылышып, эки уюлдук телефондорун тартып алышкан.


Тоноп алынган буюмдар аларга аз көрүнүп, жабырлануучунун банктык карточкасын дагы тартып алган. Банктык карточканын ПИН-кодун билишкен соң, жакынкы банкоматтан акча каражатын алууну көздөп жөнөгөн. Ал эми экинчиси кыздарды камап отурган. Картадагы бардык акча каражатын алышкан соң, шектүүлөр кетип калышкан. Жабырлануучулар кошуналарын жардамга чакырышкан. Каракчалык менен кол салуудан жабырлануучуларга 93 миңге жакын материалдык чыгым келтирилген.


Бул факты КЖБРге катталган. Азыркы учурда Биринчимай РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.


Бул кылмыш ишинин бетин ачуу, каракчылык менен кол салууга катыштыгы бар жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тартылган. Жогорудагы кылмыш ишин аз убакыттын ичинде ачууга мүмкүн болду. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кылмыштуу топту кармоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.


Ушул жылдын 5-январында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин Атайын операциялар отряды менен биргеликте шаардин ичиндеги автобекеттердин биринин аймагынан тоноо жана карактоо менен алектенген топту кармашты. Кармалган жарандар Нарын облусунун тургундары 1995-жылы туулган К. уулу Б. Менен 1988-жылы туулган Дж.Ж. болот. Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата эки айга каммакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандылды.


Кылмышка тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Бул кылмыштуу топтун башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх