Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопокровкада жол кайгуул кызматкерлери унаада төрөттү кабыл алышты

Бала дени сак төрөлгөн

15-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында нөөмөттө турган милициянын кенже инспекторлору ымыркайды унаада төрөтүп алышкан.

Саат 03.00дө аларга Урмат аттуу адам кайрылып, жардам сураган. Жаран жана анын аялы төрөт үйүнө жетише албай, төрөт дал ушул унаада башталган.

Инспекторлор төрөттү кабыл алышкан. Алар аман-эсен ийгиликтүү жасашты, андан кийин патрулдук унаанын коштоосунда жарандарды Чүй облустук ооруканасына жеткиришти. Бала дени сак төрөлгөн. Бала жана эне жабыркаган жок. Ымыркайды төрөгөндөн кийин дароо жылуулук сактоочу фольгага ороп, үшүтпөй алып бардык. Дарыгерлер кызматкерлер тарабынан көрсөтүлгөн жардам өз убагында жана квалификациялуу болгонун белгилешти.

Өз кезегинде баланын бактылуу ата-энеси инспекторлорго жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти. Бүгүн жаңы төрөлгөн бала менен эне ооруканадан чыгарылды. Инспекторлор үй-бүлөнү куттуктоо үчүн келишкен.

ИИМдин ШИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх