Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Финпол" бөлүмүнүн башчысын мыйзамсыз баюуга шектүү деп кармады (сүрөт)

ЭККМК майордун "элиталык" батирлерин, ресторандарын, дүкөндөрдү жана май куюучу жайларын тапты

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мыйзамсыз материалдык баюу боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Мамлекеттик күзөт кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, "ТАР" Финансылык полициясынын майору кармалды.

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын органдарында 2014-жылдан бери жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө "Т.А.Р." өзүнүн жакын туугандарынын атына катталган Ош жана Бишкек шаарларында 15тен ашык кыймылсыз мүлккө ээ болгон.

Мындан тышкары, "T.А.Р"  Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна көп каражат жумшады.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, "Т.А.Р"дын кыймылсыз мүлк жана каржы активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат, бул анын мыйзамдуу кирешесине туура келбейт.

 

18-январь, 2021-жыл "T.A.Р." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоого, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМКнын пресс-борбору

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх