Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Ботош аттуу кылмышкер кармалды (сүрөт)

УКМКнын маалыматы боюнча кылмыштуу өкүл үй камагынын шарттарын бузган

Бүгүн, 22-январда УКМКнын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ички иштер министрлиги менен биргеликте Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1987-жылы туулган О.А. "Ботош" каймана аты менен белгилүү болгон жаран кармалды.

 

О.А. Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев, - ред.) кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелген. Тактап айтканда, 2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен О.А. камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлүп, аны бузган.

 

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх